Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Сот Садыр Жапаровдун "коррупцияга" шек саналган инисин абакта калтырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган иниси Улан Жапаровду 26-сентябрга чейин абакта калтырды.

Соттун басма сөз кызматы 2-августта “Азаттыкка” ырастагандай, анын бөгөт чарасын кароодо абакта калтыруу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү келтирген.

Буга чейин президенттин аталаш тууганы Улан Жапаров бажыдагы коррупцияга байланыштуу камалганы белгилүү болгон. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кармалган Улан Жапаров президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктаган.

Президент Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде тууганынын кармалышы боюнча комментарий берип, паракорчулукка аралашкандардын баары жазасыз калбай турганын, баарына бирдей мамиле болорун айткан.

Бирок бул кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июлда Улан Жапаровдун бөгөт чарасын карап, 26-июлга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

32 жаштагы Улан Жапаров 2017-жылы Садыр Жапаровду колдоо акциясында тарапташтары менен бирге милицияга кармалып чыккандардын бири болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG