Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

АКШда Синагогага кол салып, 11 кишини аткан адам өлүм жазасына тартылды


Роберт Бауэрс
Роберт Бауэрс

АКШда сот арачылары 2018-жылдын октябрында Пенсильвания штатындагы Питтсбург шаарында синагогага кол салган Роберт Бауэрсти өлүм жазасына кести. Кол салуудан 11 адам каза болуп, дагы алтоо жарадар болгон.

Сот бул кылмышты жек көрүү менен атайын жасалган массалык адам өлтүрүү катары караган. Ок чыгарган учурда Бауэрс антисемиттик ураандарды айтып, бардык жөөттөрдү өлтүрүүгө чакырган.

2018-жылы 27-октябрда Питтсбургдагы "Өмүр дарагы" синагогасында кандуу окуя - АКШнын тарыхындагы эң көп кишинин өлүмүнө алып келген антисемиттик мүнөздөгү кыргын болгон. Роберт Бауэрс "Л'Симха" деп аталган синагогада диний жөрөлгө өтүп жатканда, куралчан адам кирип барып ок аткан.

NBS каналынын маалыматы боюнча кол салууга шектүү AR-15 үлгүсүндөгү мылтык жана төрт тапанча менен куралданган.

Ошо кезде "Reuters" агенттиги кылмышка шектүү Бауэрс социалдык тармактардагы баракчасына жөөттөрдүн кайрымдуулук уюмуна каршы пост жазып, аларга каршы чыгууга чакырык таштаганын жазып чыккан.

Бул Жо Байден президент болуп келгенден берки өлүм жазасына тартылган биринчи учур.

Жактоочу тарап айыпталуучунун кылмыш учурундагы туруксуз психикалык абалы жөнүндө талашып-тартышып, бирок сот арачылары аларды далил деп тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG