Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Депутат порнографиялык материал тараткандарды жазалоону сунуштоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, порнографиялык маалымат тараткандарга жазаны күчөтүүнү сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эл өкүлү азыркы мыйзамдарда мындай материалдарды таратууга катышкандарды жана уюштуруучуларды жазалоо боюнча ченемдик-укуктук актылар жок экенин белгилеген. Долбоордо жазаны катаалдатып, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталган.

"Бүгүнкү күндө порнографиялык материалдар менен байланышкан кылмыштуулукка каршы күрөш натыйжа бербей, аларды жасаган уюштуруучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат", - деп айтылат негиздеме маалымкатта.

Мындан сырткары депутат 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же кырктан жүз саатка коомдук иштерге тартууну сунуштап жатат. Мыйзам долбоору колдоо тапса, айыпталуучу үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылып, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү ачык булактардагы маалыматтарды көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоорyн карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Андай маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн айып салуу сунушталууда.

Мыйзам кабыл алынса, балдардын ден соолугуна зыян келтирген (зомбулук, катаал мамиле, маңзат, тамеки, уят сөздөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү) маалыматтарды тараткандарга кылмыштын курамы жок болгон учурда 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып салынат. Буга ушул багытта жазган массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактардагы пикирлер дагы кириши ыктымал.

“Медиа Полиси Институту” уюму балдарга зыяндуу маалымат тараткандар боюнча мыйзам чийки экенин, анын долбоору кайра иштелип чыгышы зарыл экенин белгилеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG