Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:00

Евробиримдик Беларуска каршы санкцияларды кеңейтти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик 3-августта Украинадагы согушка байланыштуу Беларуска карата санкцияларды кеңейтти. Бул тууралуу маалымат Еврокомиссиянын сайтында жарыяланды.

Анда жазылгандай, жаңы чектөөлөрдүн башкы максаты - Орусияга каршы киргизилген санкцияларды буйтап өтүүгө каршы күрөшүү.

Тактап айтканда, Беларуска экспорттоого тыюу салынган буюм-тайымдардын тизмеси кеңейди.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын 24-февралынан баштап Евробиримдик Москвага каршы 11 айлампа менен санкция киргизген. Алардын айрымдарында Минскиге каршы да чектөөлөр камтылган.

Беларус Орусия менен биргеликте Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Мындан улам Беларус аркылуу Орусияга тыюу салынган товарларды алып өтүүгө түз мүмкүнчүлүк бар.

Соңку күндөрү Евробиримдик Беларуста орусиялык «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын жайгашуусуна тынчсызданууда. Польшанын бийлиги жалданма жоочуларды аларга каршы провокацияда колдонушу мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Польша менен Литванын лидерлери 3-августта жолугуп, Беларус менен чек араны бекемдөө зарылчылыгын талкуулашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG