Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Орусияда кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду


Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлап, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полицияга жабырлануучунун арызын каттоону уюштурганын билдирди.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Москва шаарынын Басманный районунун полициясы тергөө жүргүзүүдө. Анда кыргызстандын жараны жабырлануучу катары таанылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Буга чейин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Мунун алдында кыргызстандык мигранттын жазган арызын полиция кабыл албай койгону кабарланган эле.

Таксистке кол салуу окуясы 2023-жылы 18-июнда болгон. Жабыркаган адам Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылган эмес. Социалдык тармактарга тараган видеодо машинада сыра ичүүгө болбой турганын айткан айдоочуну жүргүнчү башы-көзгө койгулап жибергенин көрүүгө болот. Бул видео интернетке тарап кеткенден кийин коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп, элчиликтин кызматкерлери аны издеп таап, кабыл алган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG