Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

Сот Фарходбек Алимжановдун мандатына байланыштуу арызын канааттандырган жок


Farhodbek Alimzhanov - Фарходбек Алимжанов
Farhodbek Alimzhanov - Фарходбек Алимжанов

Бишкек шаардык административдик соту бүгүн, 4-августта Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, канааттандырган жок.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык административдик соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сот чечими боюнча Алимжанов комментарий бере элек.

Бир күн мурда, 3-августта ушул эле сотто депутат Фархат Исмаиловдун арызы каралып, канааттандырылган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Анын алдында Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган.

Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык административдик сотунда 4-августта каралат.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG