Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Камбожаны 38 жыл башкарган Хун Сен бийликти уулуна өткөрдү


Камбожияны 38 жыл башкарган Хун Сен. 23-июль, 2023-жыл.
Камбожияны 38 жыл башкарган Хун Сен. 23-июль, 2023-жыл.

Камбожанын падышасы 7-августта кол койгон буйрукка ылайык, өлкөнүн азыркы өкмөт башчысы Хун Сендин тун уулу Хун Мане кийинки премьер-министр болуп дайындалды.

45 жаштагы генерал Хун Мане Батыштан билип алып келген. Ал Нью-Йорк университетинде экономика боюнча магистр даражасын алган, ал эми докторлукту Британиядагы Бристоль университетинде жактаган.

Камбожаны 38 жылдан бери башкарып келаткан Хун Сен өткөн айда бийликтен кетерин кабарлаган. Саясат талдоочулардын пикиринде Хун Сендин бийлиги маалына узак жылдарга созулган согуштан кийин тынчтык орногону менен демократия толук кыйрады.

Түштүк-чыгыш Азияда жайгашкан Камбожа парламенттик конситуциялык монархия болуп саналат. Өлкөнү негизинген өкмөт башчы жетектеген Камбожа Элдик партиясы башкарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG