Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Украин армиясы өлкөнүн түштүк-чыгышында контрчабуулун улантууда


Украин аскери "Град" системасы менен орус күчтөрүнүн позицияларын аткылоодо. Луганск облусу. 9-март, 2023-жыл.
Украин аскери "Град" системасы менен орус күчтөрүнүн позицияларын аткылоодо. Луганск облусу. 9-март, 2023-жыл.

Украин армиясы орус күчтөрүнө каршы өлкөнүн түштүк-чыгышында контрчабуулун улантууда. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 8-августта билдирди. Маалыматка караганда, украин армиясы Запорожье облусунун Бердянск жана Мелитополь багыттарында орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракетин көрүүдө.

Соңку бир суткада украин армиясы "орус күчтөрүнүн жеке курамы, курал-жабдыгы жана аскердик техникасы топтолгон райондорго" тогуз жолу сокку урганы Башкы штабдын билдирүүсүндө белгиленген.

Украин армиясы контрчабуулун ушул жылы жайда баштаган.

Ал арада Украинанын Ички иштер министрлиги Донецк облусунун Покровск шаарына орус армиясы жасаган ракеталык соккулардан жабыркагандардын санын жаңылады. Соңку маалыматтарга караганда, жети жайкын тургун мерт болуп, жетимишке чукул адам жараат алды. Алардын арасында полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана эки бала бар.

7-августтун кечинде орус армиясы соккон ракеталардын бири Покровскидеги беш кабаттуу үйгө тийген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG