Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Айыл чарба министрине жаңы орун басар дайындалды


Маил Алияскаров.
Маил Алияскаров.

Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Мындай тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун 9-августта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы дайындалган орун басар ветеринардык тармак, балык жана мал чарбасы боюнча жооптуу болот.

Маил Алияскаров 2006-2021-жылдары айыл чарба тармагында иштеген. 2021-жылы Чүй облусунун Панфилов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалган.

Бул кызматты аркалаган Мурат Байдылдаев февраль айында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Андан бери бул кызмат бош турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG