Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

Бостери: Бекбол Аманкуловдун өлүмүн милициянын тергөө тобу иликтейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Бостери айылында 6-августта көл жээгинде Бекбол Аманкуловдун мерт болгон себебин иликтөө үчүн тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди. Анда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык териштирүү жүргүзүлөрүн, тиешелүү экспертизалар дайындалганын, анын корутундусу чыга электигин маалымдады.

Мунун алдында облустук милиция социалдык тармактарда Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирген. Анда жээктердин биринде тартылган, соцтармактарга жарыяланган видеонун бул окуяга тиешеси жоктугун маалымдаган.

"Айрым социалдык тармактарда колдонуучулар көл жээгиндеги мушташтын видеосун таратып, аны Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү менен байланыштуу деп ишендирип жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Тасмадагы окуя 3-июлда Кара-Ой айылындагы пляжда болгон. Уруш жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда чыккан. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр экени такталган. Териштирүүдө эки тарап тең арыз берүүдөн баш тарткан", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында маркумдун туугандары тергөөгө байланыштуу нааразылыгын билдирген. Анда Аманкулов ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG