Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Орусиялык компания Баткенге шамал станциясын курары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясына караштуу "НоваВинд" компаниясы келерки жылы Баткен облусуна шамалдан электр энергиясын ала турган станция курат.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев орусиялык "РИА Новости" басылмасына курган маегинде билдирди.

Андан тышкары орусиялык "Юнигрин" компаниясы келерки жылы 300 мВт кубаттуулуктагы күн энериясын ала турган станция курарын кошумчалады.

"АЭСке байланыштуу, "Росатом" менен кызматташуу боюнча документке кол коюлган. Учурда иштер жүрүп жатат. Бирок атомдук станция үчүн узак убакыт бою даярдык иштери, документтер, макулдашуулар болушу керек. Учурда сүйлөшүү жүрүп жатат. Азыр ал качан куруларын так айта албайм, бул узак процесс, МАГАТЭ менен талкуулоо керек. Бирок биз бул багытта иш алып барабыз", - деди Ибраев.

Энергетика министрлиги Орусиянын "НоваВинд" ишканасы менен кызматташуу тууралуу меморандумга быйыл февраль айында кол койгон. Анда тараптар энергияны шамалдын жардамы менен ала турган атайын станцияларды куруу жана иштетүү долбоорун биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыкмай болушкан.

Президент Садыр Жапаров быйыл март айында “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактарын өркүндөтүү үчүн бул багыттагы станцияларды курууга жеңилдик түзүү каралган.

Кыргызстан 2008-жылы "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам кабыл алган. Бул мыйзам өлкөдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүнү жана колдонууну жөнгө салган алгачкы укуктук документ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG