Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:31

Тегерандын чоң базарында катуу өрт чыкты


Тегерандагы Чоң базар. 21-июнь, 2022-жыл. Иран. Иллюстрациялык сүрөт.
Тегерандагы Чоң базар. 21-июнь, 2022-жыл. Иран. Иллюстрациялык сүрөт.

«Тасним» жарым-жартылай мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирандын баш калаасы Тегерандагы чоң базарда 15-августта өрт тутанды. Жабыркагандар же курман болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.

«Тегерандагы базардагы тилсиз жоо 30дай кампаны жана дүкөндү жок кылды», - деп жазды баш калаанын Өрт өчүрүү кызматы.

Тиешелүү кызматтар өрттү убагында өчүрүшкөнү менен, материалдык көп чыгаша келтирилгени кабарланды.

Тегерандын чоң базары 1873-жылы негизделген байыркы соода жайы.

Ансыз да экономикалык кризис тереңдеп турган маалда ирандык соодагерлерге өрттүн кесепети оор тийди. Иранда эл аралык санкциялардан улам каатчылык күч алып, былтыртан бери маянанын жогорулашын талап кылып мугалимдер, автобус айдоочулары нааразылык акцияларын уюштуруп келишет. Алардын көбү күч менен таркатылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG