Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Эквадордо бир апта ичинде экинчи саясатчы өлтүрүлдү


Эквадор армиясынын аскерлери №8 түрмөсүнүн жанында турушат. 14-август, 2023-жыл. Иллюстрация
Эквадор армиясынын аскерлери №8 түрмөсүнүн жанында турушат. 14-август, 2023-жыл. Иллюстрация

Түштүк Америкада жайгашкан Эквадордогу «Жарандык революция» кыймылынын лидери Педро Брионести белгисиз бирөөлөр 14-августта үйүнүн жанынан атып кетишти. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Кыймылдын атынан президенттикке ат салышып жаткан Луиса Гонсалес маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен Эквадор учурда «эң кандуу доорду баштан өткөрүп жатканын» X (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнө жазды.

9-августтун кечинде баш калаа Китодо Эквадордун президенттигине ат салышып жаткан, жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы кескин билдирүүлөрү менен таанылган Фернандо Вильявисенсиону атып кетишкен.

Анда кылмышка шектүү адам атышуу маалында алган жарааттарынан өзүнө келбей көз жумганы, окуяга байланыштуу алты киши кармалганы кабарланган.

Эквадордо президенттик жана парламенттик шайлоо 20-августка белгиленген. Президенттикке сегиз талапкер ат салышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG