Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

"Кумтөр" алтын өндүрүүдөгү баанын кымбаттаганын түшүндүрдү


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

“Кумтөр” ишканасы алгачкы үч айында өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы өсүп кеткен деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин быйылкы жылдын 1-кварталында мекеменин чыгарган отчётунда 1 унций алтындын өздүк баасы 2053 долларды түзгөнү, бул былтыркыга салыштырмалуу 464 долларга кымбат экени көрсөтүлгөн.

Ал эми 1 унций алтын 1 миң 891 доллардан сатылганы да жазылган. Ишкана бул боюнча “Азаттыкка” берген түшүндүрмөсүндө чыгымдардын көбөйүшү узак мөөнөттүү жана капиталдык чыгымдардын өсүшүнө, алтын бөлүп алуучу фабриканы, кендеги оор техниканы жаңылоого байланыштуу экенин билдирди. Ал эми алтындын өздүк наркын эсептөөдө капиталдык чыгымдар эске алынбай турганын кошумчалады.

“Сатылган алтындын өздүк наркына келсек, 2023-жылдын биринчи кварталында бир унций алтын 1 миң 415 долларды түзгөн. Анын сатылгандагы орточо баасы 1891 долларды түздү. 77 миң 547 унцийди сатуудан түшкөн таза киреше 36,9 миллион доллар болду”, - деп айтылат түшүндүрмөдө.

“Кумтөрдүн” отчётунда айтылгандай, быйыл алгачкы үч айда кенден 2 миң 504 килограмм алтын чыгарылган. Былтыркы ушул мөөнөттө 2 миң 68 килограмм алтын чыккан.

Экономика жана коммерция министрлиги быйылкы жарым жылдыкта Кумтөр кенинде негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү кыскарганын, кендин курамында алтындын көлөмү азыраак чыгып жатканын билдирген.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген 2021-жылы 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын кенге мурда ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше алган. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG