Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

БУУнун өкүлү Ооганстандагы гендердик кодулоо боюнча иш козгоого чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү маселелери боюнча атайын чабарманы, Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Гордон Браун. Исламабад, 9-ноябрь, 2012-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү маселелери боюнча атайын чабарманы, Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Гордон Браун. Исламабад, 9-ноябрь, 2012-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү маселелери боюнча атайын чабарманы Гордон Браун 15-августта билдиргендей, Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы гендердик дискриминацияны адамзатка каршы кылмыш катары таанып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартыш үчүн атайын иликтөө жүргүзүшү керек.

15-августта Ооганстанда бийликке талибдер келгенине эки жыл болду. Бул убакыт ичинде өлкөдө кыз-келиндердин укуктары болуп көрбөгөндөй чектелди. Кыздар эки жылдан бери мектепке бара алышпайт. Ал эми быйыл аялдарга сейил жайларга, спорт залдарга, окуу жайларга барууга, бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салынды.

"Бул дүйнөдөгү кыз-келиндеринин укуктарынын бузулушу боюнча эң начар мисал. Эгерде биз буга жол берүүнү уланта берсек жана күнөөлүүлөр жазасыз калышса, башкалар да кайталашы мүмкүн", - деди Британиянын мурдагы өкмөт башчысы, БУУнун атайын өкүлү Браун.

Ал Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Ханга да кат жолдогонун кошумчалады. Хан Ооганстанда соңку 20 жылда болгон ыктымал аскердик кылмыштарды иликтеп келет.

Браун ошондой эле талибдердин лидерлерин мектептерди ачууга ынандыруу үчүн өз делегацияларын Ооганстанга жиберүүгө мусулман мамлекеттерин чакырды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июнда Чолпон-Атада өткөн "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы саммитте ооган аялдарынын укуктарынын чектелишине тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG