Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Түркияда мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштургандар кармалды


Стамбулдун көчөлөрүндө жумуш издеп жүргөн түркмөнстандык мигранттар. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Стамбулдун көчөлөрүндө жумуш издеп жүргөн түркмөнстандык мигранттар. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Түркияда мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштурган деген шек менен 39 киши кармалды. Алардын бешөө чет элдиктер экенин ички иштер министри Али Ерликай билдирди.

Атайын операция Анталья, Мугла, Измир жана Балыкесир провинцияларында жүргөн.

Мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейддер Түркияда президенттик шайлоодон кийин эле башталган. Маалымат каражаттары жазгандай, бир эле Стамбулда күнүнө жүздөн ашуун киши кармалган учурлар болгон. Арасында Борбор Азия мамлекеттеринен баргандар да бар.

Али Ерликайдын айтымында, соңку эки айда рейддин алкагында 35 миң мигрант кармалган. Алардын 17 миңдейи депортацияланды.

"Озодлик" радиосу соңку кездери кармалгандардын арасында өзбек жарандары да арбын экенин жазды. Журналисттер белгилегендей, рейддер Стамбулдун борбор азиялык мигранттар иштеген Аксарай, Лалели жана Кумкапы райондорунда да жүрүүдө.

Буга чейин расмий Анкара 2022-жылы 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 кварталда мигранттарды каттоо токтой турганын эскерткен. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын cанынын 20% ашпашы керектиги да айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен барышкан. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей жатканы утуру-утуру айтылып келет.

XS
SM
MD
LG