Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Швецияда террордук коркунучтун деңгээли көтөрүлдү


Стокгольмдогу мечиттин алдында Куранды өрттөө акциясын уюштурган ирактык Салван Момика. 28-июнь, 2023-жыл. Швеция.
Стокгольмдогу мечиттин алдында Куранды өрттөө акциясын уюштурган ирактык Салван Момика. 28-июнь, 2023-жыл. Швеция.

Швециянын Улуттук коопсуздук кызматы 17-августта өлкөдөгү террордук коркунуч деңгээлин беш баллдык система боюнча төртүнчү баскычта деп баалады.

Буга өткөн айда уюштурулган Куранды өрттөө акцияларынан кийин башталган мусулмандардын кыжырдануусу түрткү болду. Мындан улам Дания менен Швеция чек араларында көзөмөлдү күчөткөн.

АКШ жана Британия жарандарына террордук чабуул коркунучунан улам Швецияга барбай турууну эскертти.

Июнь-июль айларында Скандинавиядагы эки мамлекетте бир нече жолу Куранды өрттөө акциялары өткөн. Буга байланыштуу ондогон мусулман өлкөлөрүндө нааразылык митингдери өтүп, Швеция менен дипломатиялык алаканы үзүү боюнча чакырыктар жаңырган.

Кыргызстан бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун табууга үндөгөн.

Көп өтпөй Дания менен Швеция Куран китебин өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолдорун" караштырып жатканын билдирген.

Куранды же башка диний китептерди өрттөө Дания менен Швецияда кылмыш деп саналбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG