Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Ереван армян аэропортун Азербайжан тарап аткылаганын билдирди


Сюник аэропортунун учуп-конуу тилкеси. 26-апрель, 2023-жыл.
Сюник аэропортунун учуп-конуу тилкеси. 26-апрель, 2023-жыл.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Капан шаарындагы Сюника аэропорту Азербайжандын аймагынан аткыланганын 18-августта билдирди. Ал аэропортто 17-августта Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян болгон.

Маалыматка караганда, ок аэропорттун терезелерине жана чатырына тийген.

«Азербайжан бийлигин окуяны тыкыр иликтеп, дагы кайталанбашы үчүн чараларды көрүүгө чакырабыз», - деп жазылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Расмий Баку азырынча окуя боюнча комментарий бере элек. Сюника аэропорту жакында эле оңдоп-түзөөдөн өткөн. Кийинки аптадан баштап 90-жылдары токтоп калган Ереван-Капан-Ереваны аба каттамы жанданары кабарланды.

Аэропорттун учуп-конуу тилкеси Азербайжан менен чек арадан 100 метрдей алыстыкта жайгашкан.

Соңку бир айдан бери Ереван Бакуну Лачын коридорун жабуу менен жикчил Тоолуу Карабакка гуманитардык жардам өткөрбөй, "ал жакта гуманитардык кризис жаратып жатат" деп айыптап келет. Баку бул дооматтарды четке кагууда.

АКШ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык уюмдар гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн Азербайжан бийлигин коридорду ачууга чакырган.

Армения менен Азербайжан ондогон жылдардан бери Тоолуу Карабактын айынан урушуп келет.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG