Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Литва Беларус менен чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекетин жапты


Литва менен Беларус чек арасындагы Шумскас өткөрмө бекетиндеги автоунаалардын кезеги. 12-август, 2023-жыл.
Литва менен Беларус чек арасындагы Шумскас өткөрмө бекетиндеги автоунаалардын кезеги. 12-август, 2023-жыл.

Литва 18-августта Беларус менен чек арасындагы алты көзөмөл-өткөрмө бекеттин экөөнү жапты. Бийликтин жүйөсүнө караганда, буга Беларустагы "Вагнер" менчик аскер компаниясы түрткү болду.

"Шумскас жана Тверячюс көзөмөл-өткөрмө бекеттери түн ортосунда жабылды", - деди Франц-пресс агенттигине чек ара кызматынын маалымат катчысы Лина Лина Лауринайтите-Григене.

Ал 18-августта ошол жерлерде тикенек зым тартыларын кошумчалады.

Буга чейин Литванын президенти Гитанас Науседа коңшу Беларустагы "вагнерчилер" өлкө коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратып жатканын айткан. Ал ошондой эле вагнерчилер Евробиримдиктин аймагына мигрант катары кириши ыктымал деп кооптонорун билдирген.

Латвиянын Чек ара кызматы 15-августтан тартып Беларус жактагы чек арасын кайтарууну күчөттү. Ал эми Польша чек арасындагы аскерлердин санын он миңге чейин көбөйтөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG