Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Президент Садыр Жапаровдун Венгриядагы иш сапары аяктады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктап, 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер соода-экономикалык маселелерин талкуулады.

Президент чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын (эркектер арасында) финалына катышты.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.

Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG