Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 23-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 19…21, күндүз 33…35 градус болот.
Дагы караңыз