Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

Таштанды контейнерлери турган айрым жерлерге видео байкоо коюлду


Таштанды контейнерлери турган айрым жерлерге видео байкоо коюлду
Таштанды контейнерлери турган айрым жерлерге видео байкоо коюлду

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы “Тазалык” ишканасы таштанды контейнерлери турган айрым аймактарга видео камераларды орнотконун билдирди.

Маалымат боюнча, камералардын көбү таштандылар мөөнөтүнөн мурда толуп калган же тигүү цехтеринен чыккан жана курулуш калдыктары төгүлүп жаткан жерлерге коюлду. Ушул тапта 19 камера иштеп жатат, жыл аягына чейин дагы 20 камера орнотулат.

Курулуштан жана тигүү цехтертерден чыккан таштандыларды ыргыткан адамдардын видеолору муниципалдык инспекцияга берилет. Инспекция Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айыпка жыгат.

Кыргызстанда таштандыны тийиштүү коммуналдык кызматтарга кагаз, айнек, пластик жана башка деп өз-өзүнчө бөлүштүрүп тапшыруу маданияты калыптана элек.

Шаар четиндеги гектарлаган аянтты ээлеген таштанды полигонунан чыккан түтүн, ыш, зыян заттар экологиялык курч көйгөй экенин адистер айтып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG