Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Кемпир-Абад иши: абактагылардын алтоо ачкачылык жарыялады


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши 22-августта ачкачылык жарыялаганы тууралуу мекемеге жазуу жүзүндө арыз бергенин кабарлады.

Алар: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен.

“Алардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандар ишти карап аткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаганын билдиришкен. Кайрылууда судья сот отурумун утур-утур жылдырып, шектүүлөргө иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы жазылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары май айында да ачкачылык жарыялап, кийинчерээк токтотушкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG