Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Жол коопсуздук кызматкеринен качкан айдоочуга 41 миң сом айып салынды


Видеодон алынган скрин.
Видеодон алынган скрин.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ош-Бишкек жолунда жол коопсуздук кызматкерине баш ийбей кетип калган айдоочу кармалганын билдирди.

24-августта социалдык тармактарга тараган видеодо жол коопсуздук кызматкери “Лексус” үлгүсүндөгү унаанын токтотууга аракет кылганда, айдоочу аны бир топ жерге сүйрөп, кийин качып кеткенин көрүүгө болот.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 1986-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочу кармалып, унаасы айып короо жайына токтотулган. Ага бузган жол эрежелери үчүн жалпы 41 миң сом айып салынды.

Быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга карата чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн.

Ага ылайык, мас абалындагы айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Айрым жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG