Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

АЭСтеги суунун төгүлүшүнө байланыштуу Кытай деңиз азыктарын импорттоого тыюу салды


"Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы суу сакталган резервуарлар. 13-февраль, 2021-жыл. Жапония, Окума шаары.
"Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы суу сакталган резервуарлар. 13-февраль, 2021-жыл. Жапония, Окума шаары.

Жапония "Фукусима-1" атомдук электр станциясынан чыккан тазаланган радиоактивдүү сууну 24-августта океанга төгө баштаганын жарыялады. Буга байланыштуу Жапониянын негизги соода өнөктөшү саналган Кытай жапон деңиз азыктарын импорттоого тыюу салды.

Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида Токио бул боюнча Бээжинге кайрылып, чектөөнү алып салууга чакырганын 24-августта айтты.

2022-жылы Жапония Кытайга 600 миллион долларга деңиз продукцияларын экспорттогон.

Атомдук электр станциядагы сууну төгүүгө жоопкер TEPCO энергетикалык компаниясы "чет элдик өкмөттүн" чектөөсүнөн улам келтирилген зыян үчүн ишкерлерге кенемете төлөп берерин билдирди. Компания ошондой эле илимий далилдерди келтирүү менен чектөөнү тезирээк алуунун аракетин көрөрүн кошумчалады.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик океанга төгүлө турган суу коопсуздук стандарттарына туура келерин, "айлана-чөйрөгө жана адамдарга анчалык деле радиологиялык зыян келтирбестигин" айткан.

2011-жылы цунамиден улам "Фукусима-1" атомдук электр станциясында болгон авариядан бери реакторлорду муздатуу үчүн колдонгон 1,3 миллион тонна суу чогулуп калган. Ал сууну тазалап, атайын резервуарларда сактап келишкен. Эми ал сууну төкпөсө, 2024-жылы ташый баштаары маалым болду.

2024-жылдын март айына чейин Жапония океанга 31,2 миң тонна суу төгүүнү көздөп жатат. Планга ылайык, резервуардагы суу менен деңиз суусун чабыштырып, андагы радионуклиддердин концентрациясын азайтышат. Андан соң атайын суу алдындагу тоннель аркылуу океанга кетиришет. Суу 30 жылдын ичинде толук төгүлүп бүтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG