Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Орусиячыл бийлик алты крым татарын кармап кетти


Орус полициясынын кызматкерлери жергиликтүү адвокаттын жеке маалыматтарын алууда. 9-февраль, 2022-жыл. Севастополь. Иллюстрациялык сүрөт.
Орус полициясынын кызматкерлери жергиликтүү адвокаттын жеке маалыматтарын алууда. 9-февраль, 2022-жыл. Севастополь. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Крымда полиция 24-августта алты крым татарын террордук топ түптөгөн жана анын ишмердүүлүгүнө аралашкан деген айып менен кармап кетти.

Симферополдун Орусияга баш ийген де-факто соту 25-августта Руслан Асанов, Ремзи Неметулаев жана Аметхан Умеровдун бөгөт чарасын карап, эки айга тергөө абагына камоону өкүм кылды. Калган үчөөнүн бөгөт чарасы кийин каралат.

Крым татарларынын ресурстук борборунун башчысы Эскендер Бариев билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 37 үйдө тинтүү жүргүзүлсө, алардын 29 крым татарларына таандык болгон.

Орусия 2014-жылы Украинага караштуу Крымды аннексиялап алгандан кийин көптөгөн крым-татар активисттери "Хизб ут-Тахрир" диний кыймылына мүчө катары жоопко тартылган. Бул уюмга Орусияда тыюу салынганы менен Украинада анын ишмердигине чек коюлган эмес.

Крым татарларынын көбү Москванын Крымды аннексиялап алышына каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG