Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Шаардык сот блогер Жекшеналиевге окуусун улантууга уруксат берди


Блогер Ырыс Жекшеналиев.
Блогер Ырыс Жекшеналиев.

Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевдин Кыргыз улуттук университетиндеги (КУУ) окуусун улантууга уруксат берди. Бул тууралуу блогер өзү "Азаттыкка" ырастады.

Ал былтыр тергөө абагына камалганда КУУнун Юридика факультети сабакты "себепсиз калтырды" деген негиз менен аны окуудан чыгарууну чечкен. Жекшеналиев буга каршы сотко даттанып, мартта Ленин райондук соту анын арызын канааттандырган.

"Мен абакта отуруп калганда окуудан чыгарган. Кийин министрликке, окуу жайдын өзүнө кайрылганбыз. Бирок бизге керектүү жооп ала алган жокпуз, сотко берүүгө аргасыз болдук. Үч айдай соттошуп, райондук сот менин пайдама чечим чыгарды. Университет ал чечимди аткарбай шаардык сотко арыз беришкен. Шаардык сот дагы менин пайдама чечим чыгарды. Булар Жогорку Сотко кайрылбаса, окуума кайтам деген үмүтүм бар", - деди Жекшеналиев.

Аталган университет соттун чечимине каршы экенин билдирип шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Соттун акыркы чечими тууралуу комментарий бере элек, Жогорку Сотко даттанабы же жокпу азырынча белгисиз.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Ошол жылы 24-октябрда үй камагына чыгарылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон

Блогер өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG