Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү энергетика маселесин талкуулады


"Камбар-Ата-1" ГЭСи курула турган жер
"Камбар-Ата-1" ГЭСи курула турган жер

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан күзгү-кышкы сезондо электр энергиясы менен камсыздоо тууралуу макулдашты. Казакстандын Энергетика министрлиги маалымдагандай, Астанада жакында өткөн жолугушууда үч өлкөнүн өкүлдөрү бул маселени талкуулашкан. Казак маалымат каражаттары тараптар бериле турган энергиянын көлөмүн, мөөнөтүн аныкташканын жазышууда. Жетекчилер ошондой эле электр энергиясынын эсебин саат сайын жүргүзүү механизмин киргизүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу, энергиянын пландан тышкары берилишин жөнгө салуу боюнча келишимдердин шарттарын кайра кароо жана жаңы макулдашууларды түзүү тууралуу макулдашышты.

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, кездешүүдө гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда "Камбар-Ата-1" ГЭСинин долбоору, суу ресурстары жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү талкууланды.

Эмки жолугушуу ноябрда Бишкекте өтөт.

ГЭС "Камбар-Ата-1" Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан курулмакчы.

"Жол картасында" станцияны башкара турган ишкана түзүү каралган. Анын 34% Кыргызстан, 33% Казакстан менен Өзбекстан ээлик кылат. Долбоорду ишке ашыруунун так мөөнөтү азырынча айтыла элек.

XS
SM
MD
LG