Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Пакистандын экс-премьери Имран Хандын өкүмү убактылуу токтотулду


Имран Хан
Имран Хан

Пакистанда Исламабад шаарынын апелляциялык соту коррупция үчүн айыпталган экс-премьер-министр Имран Ханды үч жылга абакка кесүү өкүмүн убактылуу токтотту.

Саясатчынын адвокаттары жана соттун өкүлдөрү бул тууралуу шейшембиде билдирди. Хандын партиясы ал күрөөгө бошотулганын маалымдады. Бирок экс-премьердин үстүнөн 100дөн ашык иш козголгондуктан, качан кое берилери белгисиз.

Акыркы иш боюнча ага мамлекеттик кызматта турганда чет өлкөлүк лидерлерден алган кымбат баалуу белектерди саткан деген айып коюлуп, августтун башында үч жылга кесилген.

Мурдагы крикет жылдызы ушул жылдын май айында кармалган. Тарапташтары анын бошотулушун талап кылган нааразылык акциясы тоз-тополоң менен коштолуп, ондой адам набыт болгон. Толкундоолор сот Ханды күрөөгө бошоткондон кийин токтогон.

Хан 2022-жылдын апрелинде бир нече жумалык саясий кризистен кийин парламент ага ишеним көрсөтпөө сунушун колдогондо кызматтан четтетилген. Саясатчы тагылган айыптардын бардыгын четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

8-августта сот Ханга беш жыл мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салган. Соңку иши кайра каралса, ал күзүндө жалпы улуттук шайлоого катышып калышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG