Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Кулубаев Бишкек Батыштын Орусияга салган санкцияларын бузбаганын айтты


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга каршы салган санкцияларын эч качан бузбаганын билдирди.

Бул тууралуу ал Германиянын "Немис толкуну" (Deutsche Welle) медиа компаниясына курган маегинде айткан.

Министр Кыргызстан Батыштагы өнөктөштөрү менен келишимдерди аткарып, ошол эле учурда Орусия менен соода жүргүзүүдөн баш тартпайт.

"вТРЕНДde" берүүсүнүн алып баруучусу Константин Эггерт Кыргызстандын Орусия менен соода жүгүртүүсү 2022-жылдан тартып 245% өскөнүнө кызыккан.

"Биздин маалыматтар сиздикине дал келбейт. Бизде бир аз өсүш бар, бирок мен, 240% дегенди эч качан уккан эмесмин. Биздин өзүбүздүн статистикалык маалыматтарыбыз бар. Орусия жана КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү мурдагы жылдардагы деңгээлде деп эсептейбиз. Мен эч качан санкцияларды бузбаганыбызды жана бузбай турганыбызды ырастай алам. Биз Батыштагы өнөктөштөрүбүз менен болгон келишимдерди аткарабыз. Эки тараптуу Кытай, Орусия же КМШнын башка өлкөлөрү менен соода жүргүзүүгө эч ким тыюу сала албайт. Кыргыз өкмөтүнүн мүчөсү катары мен расмий түрдө айта алам, биз эч качан санкцияларды бузган жокпуз", - деген министр.


Өткөн аптада Кыргызстанга сапар менен келген Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер Орусияга каршы санкцияларды сактабагандарды кескин айыптай турганын билдирген. Ал Евробиримдиктин санкциялары эң ириде Украинага кол салганы үчүн Орусияга багытталганын белгилеп, башка өлкөлөр аны кыйгап өтүүгө көмөктөшпөшү керектигин эскерткен.

Өткөн айда болсо АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орусиялык армиянын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган.

Мындан кийин кыргыз бийлик өкүлдөрү АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлаган.

"Кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG