Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Өзбекстандан АКШга адам ташыган аткезчи түйүн аныкталды


АКШнын аймагына өтүүнү көздөгөн мигранттар. Мексика. 10-май, 2023-жыл.
АКШнын аймагына өтүүнү көздөгөн мигранттар. Мексика. 10-май, 2023-жыл.

Байдендин администрациясы Өзбекстандан АКШга адам ташууга аракеттенген аткезчи түйүндүн бетин ачканын, кеминде бир мүчөсүнүн чет өлкөлүк террордук уюм менен байланышы болгону аныкталганын билдирди. Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эдриен Уотсон белгилегендей, америкалык расмий адамдар аткезчилердин каналын пайдаланган өзбекстандыктар теракт пландаган же террористтер менен байланышта болгон деп эсептебейт.

Шейшембиде жарык көргөн билдирүүдө кайсы террордук уюм экени айтылган жок. Атын атабаган америкалык расмий адамдардын бири кеп “Ислам мамлекети” радикал уюму тууралуу жүргөнүн Ассошейтед Пресс агенттигинин кабарчысына билдирди. Ал иликтөө тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, Вашингтон аткезчи түйүндүн негизги мүчөлөрүн колго түшүрүү, мыйзамсыз жолдорду бөгөттөө, АКШга кирүү үчүн алардын кызматынан пайдаланган кишилерди аныктоо үчүн башка мамлекеттер менен кызматташууда.

Ишти териштирип жаткан Федералдык иликтөө бюросу (FBI) да мигранттарга байланыштуу теракт коркунучу аныкталбаганын белгиледи.

Аткезчилер тууралуу биринчилерден болуп кабар тараткан CNN телеканалы ал түйүн аркылуу борбор азиялык ондогон жаран АКШга киргенин маалымдады.

Ассошейтед Пресс агенттиги жазганына караганда, жылдар бою Кошмо Штаттарда иш табуу максатында өлкөгө мыйзамсыз жол менен кирүүгө негизинен мексикалык эркек кишилер аракеттенчү, бирок акыркы жылдары башка жерлерден да мигранттар агылууда.

Буга чейин Өзбекстандын укук коргоо органдары мекендештерин Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган бир нече жаран кармалганын билдирген.

Ал мыйзамсыз жол менен АКШга кирүүгө аракеттенгендер арасында Кыргызстандын жарандары да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG