Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Габондо армия бийликти колуна алганын билдирди


Габондун армия өкүлдөрү. 30-август 2023-жыл
Габондун армия өкүлдөрү. 30-август 2023-жыл

Габондо армиянын жогорку офицерлери бийликти өз колуна алганын улуттук телеканалдын эфиринен жарыялашты. Анын алдында Борбордук шайлоо комиссиясы президент Али Бонго үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышып, утуп чыкканын билдирген. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги кабарлады.

Аскерлер шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын, чек аралар жабылганын, мамлекеттик мекемелер таркатылганын билдиришти. Алар муну Габон эли үчүн, тынчтык үчүн жасап жатканын, режимге чекит коюуну көздөгөнүн айтышты.

Агенттиктин ошол жердеги кабарчысы борбор шаар Либревилде атышуулардын добушу угулганын маалымдады. Африкалык бул өлкөнүн президенти жана өкмөтү азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

2019-жылдын башында аскерлер тобу төңкөрүш жасоо аракетин көргөндө, бийлик кутумду күч менен баскан.

Али Бонго жогорку кызматка 2009-жылы атасы каза болгондон кийин келген. Омар Бонго Габонду 1967-жылдан бери башкарган.

XS
SM
MD
LG