Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Тажикстандагы селдин курмандыктары 21 кишиге жетти


Тажикстандагы селдин кесепети. 27-август 2023-жыл
Тажикстандагы селдин кесепети. 27-август 2023-жыл

Тажикстандын Чукул кырдаалдар комитетинин куткаруучулары Варзоб дарыясынан сел агызып кеткен аял менен анын ымыркайынын сөөгүн алып чыгышты.

Мекеменин маалымат катчысы Умед Юсуфи 30-августта төрт кишинин сөөгү табылганын “Озоди” радиосуна билдирди. Муну менен 28-августтагы табигый кырсыктын курмандыктары 21 кишиге жетти. Алдыңкы күнү бийлик 17 кишинин каза тапканын кабарлаган.

Юсуфинин айтымында, эң көп жоготууга Вахдат району учурады.

27-августтагы нөшөр Тажикстандын тогуз районунда селге, жер көчкүгө, таштардын кулашына алып келген. Топон суу ондогон турак жайды, жолдорду кыйратып, электр зымдары үзүлгөн. Дүйшөмбүнүн айрым райондору электр жарыгысыз, таза суусуз калган.

Бери дегенде бир үй-бүлө жакындары табылбай жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG