Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Орусияда согушка каршы пост жазган активист Смирнова алты жылга кесилди


Ольга Смирнова. 30-август, 2023-жыл.
Ольга Смирнова. 30-август, 2023-жыл.

Санкт-Петербург шаарынын соту "Тынч каршылык көргөзүү" кыймылынын активисти Ольга Смирнованы алты жылга кести.

"Север.Реалии" сайты өз кабарчысына таянып жазгандай, армия жөнүндө жалган маалымат тараткан деп айыпталган Смирновага үч жыл интернет сайттарга администратор болууга тыюу салынды.

Прокуратура аны жети жылга колонияга кесүүнү сураган.

Тергөө "активист "ВКонтакте" тармагына Коргоо министрлигинин Украинадагы согуш тууралуу расмий билдирүүлөрүн төгүндөгөн маалыматтарды жайгаштырып турган" деген бүтүмгө келген. Журналисттер кеп "Тынч каршылык көргөзүү" кыймылынын паблиги тууралуу жүрүүдө деп болжолдошот. Ал жакка Орусиядагы кырдаал, былтыркы 24-февралдан бери согуш жөнүндө посттор чыгып келчү.

Майдын башында кыймылдын мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынып, активисттер суракка тартылган. Смирнова ал иш боюнча айыптуу деп табылган жана камакка алынган.

Санкт-Петербургдагы бир нече имараттын автору, архитектор Смирнованы "Мемориал" уюму "саясий туткун" деп тааныган.

Өкүм жарыяланардын алдында Санкт-Петербургда бир нече киши активистти колдоп пикетке чыкты. Анын бирине полиция "массалык иш-чара уюштуруу" айыбы менен протокол түздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG