1-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 24…26 градус жогору болот.