Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Өмүрбек Бакировдун иши тергелип бүтүп, прокуратурага жиберилди


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировдун иши тергелип бүтүп материалдар Ош облустук прокуратурасына жиберилди. Бул тууралуу 6-сентябрда “Азаттыкка” мурдагы депутаттын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өмүрбек Бакировго “2021-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алган” деген айып койду.

Өмүрбек Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыккан. Назгүл Сүйүнбаева ал коргоп жаткан адам коюлган айыптар менен макул эмес экенин айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта ал шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Өмүрбек Бакиров буга чейин “Азаттыкка” комментарий берип, муну Кемпир-Абад маселесинде мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG