Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

ИИМдин өкүлү: Мадумаровду атайын даярдыктагы бөлүк кармаган эмес


Сот Адахан Мадумаровду 24-октябрга чейин тергөө абагында калтырган.
Сот Адахан Мадумаровду 24-октябрга чейин тергөө абагында калтырган.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Адахан Мадумаровду кармоодо милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлери тартылбаганын айтты. Ал бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алишер Эрбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ниязбеков мындан башка комментарий бере албасын айтып, тергөө эмнеге ИИМге берилгени жөнүндө суроого дагы жооп берген жок. Депутат Эрбаев буга байланыштуу аны сынга алды.

"Коом Мадумаровдун камалышына байланыштуу үчкө бөлүнүп турат. Бир тарабы саясий куугунтук деп эсептейт, экинчи бөлүгү "туура болду, жазасын алсын" дейт, үчүнчүсү болсо качан бири-бирибизди куугунтуктагандан кутулабыз деп отурат. Мен бир жагынан коркуп дагы калдым, азыр ички иштер министри Улуттук коопсуздук комитетине жана прокуратурага караганда "монстр" болуп калыптыр. Мадумаровду 13 жашар баласы менен атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери кармап кетти деп жатышат. Сиз азыр андай эмес деп жатасыз. Анда эмне бул жакта кесиптештер туура эмес айтып алыштыбы? Бул ишти атайын кызмат тергеши керек болчу, эмнеге ИИМге өткөрүлүп берилген? Сиз азыр жооп бере албайм деп отурасыз. Сиз деген генерал-майорсуз, министрдин орун басарысыз. Мисалы, согуш болгондо ошол жерде командири өлүп калса, анын милдетин орун басары аткарат. Министр эмгек өргүүсүнө, дагы башка бир жактарга кеткенде анын милдетин сиз аткарасыз да",-деди Эрбаев.

Сүйүнбек Ниязбеков депутаттын суроолоруна кагаз түрүндө жооп берилерин билдирди.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарсын карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атайт. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG