Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Ливияда селден кийин 10 миңдей адам дайынсыз жоголгону кабарланууда


Ливиядагы селден кийин 10 миңдей адам дайынсыз жоголгонун эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдору федерациясы билдирди. Адистер муну көз карандысыз булактардын маалыматы боюнча эсептегенин Reuters агенттиги 12-сентябрда кабарлады.

Мурдараак кеминде эки миң адам өлүп, беш миңден көбү жоголгонун Ливиянын чыгыш аймактарын көзөмөлдөгөн Улуттук армиясынын басма сөз катчысы Ахмед Мисари айткан.

7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 9-сентябрда каптаган "Дэниел" бороонунан Дерна шаары өзгөчө жабыркады. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы эки дамбаны бузуп кетти. Башка райондор менен кошо эң чоң шаар Бенгази да зыян тартты.

Убактылуу өкмөт ал жакты табигый кырсык зонасы деп жарыялап, эл аралык жардам кабыл алууга даяр экенин жар салды.

Ливиянын улуттук армиясынын командачысы Халифа Хафтар башкарган чыгыш аймактары убактылуу өкмөттүн көзөмөлүндө эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG