Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

Чүйдөгү "Теплые ключи” санаторийинде 30дай кишиге кол көтөргөндөр кармалды


Кылмышка шектүүлөр. Милициядан алынган сүрөт.
Кылмышка шектүүлөр. Милициядан алынган сүрөт.

Чүй облустук милициясы Аламүдүн районундагы "Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексине мас болуп кирип барып, ошол жердеги 30дай кишини сабаган төрт жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, окуя 10-сентябрда катталган. Анда белгисиз бирөөлөр санаторийге союл көтөрүп кирип барып, буюм-тайымдарды кошо талкалаган. Бир нече киши жабыркаган.

Көп өтпөй шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталып, изин жашырып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн.

Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Милициянын маалыматына караганда, кармалгандар 28-30 жаштагылар.

Жогорку Кеңеште"Ыйман нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы кылмыштуулуктун абалына токтолуп, дүйнөлүк рейтингдерде өлкө арткы орунда турганын айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр кылмыштуулук мурунку жылга салыштырмалуу 19,4% өскөнүн билдирген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алган. Милиция майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын белгилеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG