Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Лавров: Орусия менен Кытай Пхеньянга салынган санкциялардан баш тартат


Орусиянын президенти Сергей Лавров. 25-февраль, 2023-жыл.
Орусиянын президенти Сергей Лавров. 25-февраль, 2023-жыл.

Москва менен Бээжин Түндүк Кореяга салынган санкциялардан баш тартарын 13-сентябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын сөзүнө караганда санкциялар «такыр башка геосаясий кырдаалда кабыл алынган». Лавров мындай билдирүүнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккандан кийин жасады.

Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программалары үчүн эл аралык санкцияларды Орусия, Кытай туруктуу мүчө болгон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши киргизген.

Лавровдун билдирүүсү боюнча расмий Бээжин комментарий берген жок. 13-сентябрда Орусияда жүргөн Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньян Москва менен алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, «орус президентинин жана өкмөтүнүн чечимдерин буга чейин да колдоп келгенин» билдирген. Путин Кимдин урматына уюштурулган түшкү сый тамак маалында Москва менен Пхеньяндын алакасы 1945-жылы эле, «советтик жана кореялык аскерлер биргеликте жапониялык милитаристерди талкалап жатканда» түзүлгөнүн айтты. Ким «жолдош Владимир Путин үчүн алып жиберүүнү» сунуштады.

2022-жылы Орусия Украинага кол салгыча Түндүк Корея киргизилген эл аралык санкциялардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда болчу. Анын алдында Сирия менен Иран бар эле. Азыр Орусия биринчи орунда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG