Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Экономика министринин орун басарларынын саны кыскартылды


Экономика жана коммерция министрлигинин имараты.
Экономика жана коммерция министрлигинин имараты.

Министрлер кабинети экономика жана коммерция министринин орун басарларынын санын сегизден төрткө кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма кызматы кабарлады.

Мындай өзгөртүү Экономика жана коммерция министрлигинин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максаты менен түшүндүрүлдү.

Министрлер кабинетинин 13-сентябрдагы жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилип, Туризм департаментинин директорунун кызматынан министрдин орун басары рангы алынып салынды.

Ушул маалда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин биринчи орун басары Чоро Сейитов, калган орун басарлары Айнура Усенбекова, Искендер Асылкулов, Канатбек Абдрахманов, Чыңгыз Макешов, Назарбек Малаев, Самат Шатманов жана Кубанычбек Закенаев. Мындан Шатманов туризм тармагын тейлечү, калган кимиси кыскарганы азырынча айтылган жок.

2021-жылдын май айында Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, Өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөн учурда Финансы министрлиги менен Экономика министрлиги бир мекеме болуп калган. Ошол эле жылдын октябрында экөө кайра экиге бөлүнүп, Экономика жана коммерция министрлиги түзүлгөн. Натыйжада бул министрликтин жетекчисинин сегиз орун басары кызматы уюшулган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG