Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Роскомнадзор 24.kg жаңылыктарына бөгөт койгону кабарланды


Роскомнадзор 24.kg маалымат агенттигинин жаңылыктар лентасына бөгөт койду. Бул тууралуу аталган басылмадан билдиришти. Маалыматта Роскомнадзордун агенттиктин жаңылыктар лентасына бөгөт койгону 13-сентябрда Орусиядагы окурмандар сайтты ача албай жатканын айткандан кийин белгилүү болгон.

24.kg басылмасынын жазганына караганда, өткөн жылы күзүндө Роскомнадзордон айрым кабарларды өчүрүүнү талап кылган бир нече кат келген. Ал кыска кабарлардын бардыгы Украинадагы согушка байланыштуу. 24.kg Кыргызстандын мыйзамдары бузулбаганын белгилеп, кабарларды өчүрүүдөн баш тарткан.

Роскомнадзордун сайтында 24.kg сайтына кирүү чектелгени айтылат. Бирок окурмандардын айтымында, бул ресурстун айрым баракчалары эмес, бүтүндөй сайт бөгөттөлгөн.

2023-жылдын жарымында эле Роскомнадзор Орусияда 885 миңден ашык сайтты бөгөттөгөн. Андан тышкары миллиондон ашуун макалага өзүнчө бөгөт коюлган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 85% көп экенин "Коммерсант" басылмасы жазган.

Москванын Украинадагы согушу башталгандан бери Орусияда жүз миңдеген сайттар менен кошо Facebook, Instagram жана Twitter сыяктуу социалдык түйүндөр, көптөгөн көз карандысыз медиалардын сайттары бөгөттөлдү, алардын катарында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун сайты да бар.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG