Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Буюмдар кол менен текшерилген “Каркыра” бекетине 2024-жылы жабдуу коюлат


“Каркыра” көзөмөл-өткөрмө бекетинде чек арачы буюмдарды текшерип жатат. Видеодон алынган скриншот.
“Каркыра” көзөмөл-өткөрмө бекетинде чек арачы буюмдарды текшерип жатат. Видеодон алынган скриншот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү кол менен жүрүп жаткан “Каркыра” бекетине атайын жабдуу 2024-жылы коюларын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Мекеме келерки жылы жалпы үч бекет толук оңдоп-түзөөдөн өтөрүн, алардын баарына багажды жана колдогу буюмдарды текшерүүчү жаңы техникалар коюларын тактады.

Мунун алдында интернетте аталган өткөрмө бекетинде тартылган видео тараган. Анда Казакстандан Кыргызстанга өтүп жаткан чет элдик туристтерди кыргыз чек арачылары автобустан түшүрүп, ар биринин сумкасын ачып, буюмдарды кол менен текшерип жатканы тартылган.

Видеону тартып жаткан киши кыргыз өкмөтүнө кайрылып, “бекетке рентген коюп койсо болбойбу?” деп суроо койгон жана азыркы жагдай Кыргызстанды туристтерге уят кылып жатканын белгилеген. Тасманын автору ошондой эле рентген казак тарапта бар экенин айткан.

"Каркыра — автожол" көзөмөл-өткөрмө бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал 2003-жылы уюшулган. Бекет 2020-жылы карантиндик чаралардан улам убактылуу жабылып, 2021-жылы кайра жанданган.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. "Каркыра — автожол" бекетинен башка Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иш алып барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG