Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Шнобел сыйлыгынын ээлери аныкталды


Шнобел сыйлыгын тапшыруу аземи. 2017-жыл.
Шнобел сыйлыгын тапшыруу аземи. 2017-жыл.

15-сентябрга караган түнү сатиралык Шнобел сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Эң маанисиз ачылыштар тууралуу америкалык Annals of Incredible Research журналы уюштурган салтанат онлайн өттү. Илимдин он тармагы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Нобелдин чыныгы лауреаттары тапшырды.

Адабият боюнча сыйлыкты бир эле сөздү көп жолу кайталоодо жарала турган адаттан тыш сезимдин изилдөөчүлөрү алды. Алардын айтымында, бул жамевю – тааныш нерселер тааныш эместей сезилген абал. Дежавюнун карама-каршысы.

Тамак-аш тармагы боюнча Шнобел сыйлыгы тамактануу үчүн колдонула турган электрлештирилген таякчаларды изилдеген жапониялык окумуштууларга тапшырылды. Алар тилдин электр стимулдашуусунун жардамы менен "тамактын даамы көз ирмемде өзгөрүшү мүмкүн экенин" аныкташкан.

Саламаттык сактоо тармагы боюнча сыйлыкты "акылдуу" ажаткана жараткан окумуштуулар алды.

Лауреаттарга сыйлыктардын 3D-үлгүлөрү жана Зимбабвенин жасалма 10 триллион доллары ыйгарылды. Бул өлкө 2009-жылы гиперинфляциядан улам 100 триллион долларлык банкнота чыгарган. Ал кезде бул акчага бир бөлкө гана нан сатып алса болор эле.

Шнобель сыйлыгын 1991-жылы Annals of Incredible Research юмордук журналы жана редактор Марк Абрахамс негиздеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG