Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 4085 машина импорттолду


Электромобил. Иллюстрация.
Электромобил. Иллюстрация.

Быйылкы январь-август айларында Кыргызстанга Кытайдан 4085 автоунаа импорттолгон. Бул тууралуу Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалыматына шилтеме кылып, "Тазабек" порталы жарыялады.

Бул эки жыл мурунку көрсөткүчтөн 6,4 эсе көп. Бул аралыкта Кытайдан ташылган автоунаалардын баасы да 79% кымбаттаган.

Улуттук статистика комитетинин маалымдашынча, Кыргызстан электромобил импортунун көлөмүн көбөйтүп, унаалардын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алып келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров август айында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында BYD Co Ltd электромобил чыгарган корпорациясынын төрагасынын орун басары Иван Цао менен жолугушкан. Тараптар Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоочу станция куруу, ток менен жүрүүчү автоунааларды сатуу жана чыгаруу маселелерин талкуулашкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG