Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Пакистанда төрт айдан бери камакта отурган журналист эркиндикке чыкты


Журналист Имран Риаз Хан жана адвокаты Али Ашфак.
Журналист Имран Риаз Хан жана адвокаты Али Ашфак.

Пакистанда төрт айдан бери камакта отурган журналист Имран Риаз Хан эркиндикке чыкканын кесиптеши Хамид Мир 25-сентябрда ырастады.

Риаз Хан быйыл май айында өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганда Пенжаб провинциясындагы аэропортто кармалган. Полиция ал көп өтпөй кайра бошотулганын билдирген. Бирок журналисттин жакындары аны таппай жатканын айтып, аны уурдап кеткен болушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына караганда, Пакистанда журналисттер атайын кызматтардын кысымына көп туш болушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG