Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:08

Тоолуу Карабактан Арменияга качкандардын саны 85 миңге жетти


Жикчил Тоолуу Карабак аймагынан Арменияга чыгып бараткан этностук армяндар. 27-сентябрь, 2023-жыл.
Жикчил Тоолуу Карабак аймагынан Арменияга чыгып бараткан этностук армяндар. 27-сентябрь, 2023-жыл.

Жикчил Тоолуу Карабактан Арменияга качкан этностук армяндардын саны 85 миңге жетти. Бул тууралуу армян өкмөт башчысынын маалымат катчысы Назели Багдасарян кабарлады. Бул Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын төрттөн үч бөлүгү чыгып кетти дегенди билдирет.

Тоолуу Карабактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгондон кийин жикчил аймакта отурукташкан этностук армяндар Армениянын аймагына жапырт чыгып кете башташты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Бакуну «этностук тазалоого» айыптады. Азербайжандын бийлиги бул дооматты четке кагып, Тоолуу Карабактагы этностук армяндарды азери коомуна «реинтеграция» кылуу аракетин көрүп жатканын билдирди.

28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян «Тоолуу Карабак республикасы» деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койду.

Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG