Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Тоолуу Карабактан Арменияга качкандардын саны 100 миңден ашты


Тоолуу Карабактан кетип жаткан армяндар.
Тоолуу Карабактан кетип жаткан армяндар.

Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 100 миң 500гө жакындады. Бул тууралуу 30-сентябрда армян өкмөтү кабарлады. Расмий маалыматта алардын ичинен 45 миңден көбү мамлекеттик турак жай менен камсыз болгону айтылат.

Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңге жакын адам жашап жаткан.

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдоду. Азери бийлиги буга комментарий бере элек.

28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG