Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Орус армиясы Херсонго кайрадан авиабомба менен чабуул жасады


Херсондо 19-сентябрдагы чабуулдан кийин чыккан өрттү өчүрүү учуру. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Херсондо 19-сентябрдагы чабуулдан кийин чыккан өрттү өчүрүү учуру. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

1-октябрга караган түнү орус аскерлери Украинанын Херсон облусуна он жолу авиабомба таштаганын облустук аскердик администрациянын өкүлү Александр Толоконников билдирди. Ал төрт адам жабыркаганын, бирөө уранды астында калганын белгиледи.

Маалыматка караганда, Орусия бир апта ичинде аймакка жалпысынан 166 жолу авибомба таштады. Толоконников аба соккуларынан улам кыйроолор көбөйгөнүн кошумчалады.

Жекшембиге караган түнү Харьков облусунда кеминде төрт жардыруу болгонун шаардын мэри Игорь Терехов билдирди. Запорожьеде да эки жардыруу болгонун, Донецк аймагы аткылоого кабылганын жергиликтүү бийликтер кабарлады.

Жалпысынан орус аскерлери Украинага түн ичинде сегиз ракеталык жана 99 аба соккусун жасаганы аныкталды. Мындан тышкары, 40ка жакын дрон учурулган, алардын 30унун мизи кайтарылган.

Ал эми Орусиянын Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков украин аскерлери Шебекино шаарындагы борбордук базардын аймагын аткылаганын, үч адам жабыркаганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү эртең менен бир учкучсуз учак Краснодар аймагында, дагы үчөө Смоленск облусунда атып түшүрүлгөнүн маалымдады, кыйроолор тууралуу айтылган жок.

Интернет булактары дрондор Смоленскидеги заводду бутага алганын жазышты. Адлер аэропортунда айрым каттамдар токтотулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG