Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

"Чет элдик өкүл" мыйзамы комитеттин күн тартибине киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт. "Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикет. 2023-жыл, 10-июнь. Бишкек, Кыргызстан.
Иллюстрациялык сүрөт. "Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикет. 2023-жыл, 10-июнь. Бишкек, Кыргызстан.

“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 3-октябрдагы күн тартибине кайрадан киргизилди.

Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтында жарыяланды.

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. 120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу ченемдер бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбестиги, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюу мүмкүнчүлүгү берилип калары, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдардын ишине да бөгөт коюлары айтылган.

Негизги автор депутат Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG